• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жарнама мыйзамын бузган. Golden Stroy курулуш компаниясына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жарнама жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн Golden Stroy курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, монополияга каршы орган тарабынан Golden Stroy курулуш компаниясы тарабынан батирлердин баасынын онлайн-калкуляторун АКШ долларында жайгаштыруу боюнча КРнын «Жарнак жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу фактысы аныкталды, бул аталган мыйзамдын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Жыйынтыгында, талаптагыдай эмес жарнамасы үчүн Golden Stroy курулуш компаниясына карата КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 404-беренесине ылайык жаза чарасын салуу жөнүндө токтом чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий