• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын мэри мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы калаа мугалимдерин кызматына берилип, чыдамкайлык жана чоң ынтызарлык менен иштеп жатышкандыктарына терең ыраазычылыгын билдирип, Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сылайды.

Ошондой эле «Жүрөгүмдү балдарга арнадым» конкурсунун жеңүүчүлөрү төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:

«Мыкты мугалим»
1- орун - Гүлзат Жапарова, №57 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими, акчалай сыйлык 150 миң сом;
2 -орун - Екатерина Башманова, №24 мектеп-гиназиясынын орус тили жана адабияты мугалими, акчалай сыйлык 130 миң сом;
3- орун - Акимбек кызы Айгерим, №20 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими, акчалай сыйлык 100 миң сом.
3- орун - Наталья Ободова, №9, окуу-тарбия комплексинин физика мугалими, акчалай сылык 100 миң сом.

«Мыкты жаш мугалим»
1- орун - Жакшылык Тойчубеков, №71 жалпы билим беруу мектебинин биология мугалими, акчалай сыйлык 100 миң сом;
1 орун - Азизат Темиркулова, №31, мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлык 100 миң сом;
2- орун - Перизат Садирдинова, №51 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлыгы 80 миң сом;
3- орун - Көкүмбай кызы Гүлжамал, №6, мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими, акчалай сыйлык 60 миң сом;
3- орун- Майрамкүл Алмазбекова, №50, жалпы билим беруучу мектептин англис тили мугалими, акчалай сыйлык 60 миң сом.

«Эң мыкты мугалим»
1- орун - Светлана Беляева, №70 мектеп-гимназиясынын класс жетекчи мугалими, акчалай сыйлык 130 миң сом;
2- орун - Дамира Сапарова, №38 мектеп-гиназиясынын класс жетекчи, акчалай сыйлык 100 миң сом;
3- орун - Жаркын Укеева, №66 мектеп-гиназиясынын класс жетекчи, акчалай сыйлык 80 миң сом;
3- орун - Фарида Бейшеналиева, №84 жалпы билим беруу мектеби, класс жетекчи, акчалай сыйлык 80 миң сом.

«Мыкты тарбиячы»
1- орун - Акмарал Байтанаева, Свердлов районуна караштуу №100 мектепке чейинки билим берүү уюму, акчалай сыйлык 130 миң сом;
2- орун - Рита Шералиева, Ленин районунан караштуу №53 мектепке чейинки билим берүү уюму, акчалай сыйлык 100 миң сом;
3 -орун - Назгүл Ормокеева, Свердлов районуна караштуу №51 мектепке чейинки билим берүү, уюму акчалай сыйлык 80 миң сом.

«Мыкты статустуу мектеп»
№70 мектеп-гимназиясына 1- орун берилип, интерактивдуу доска жана ноутбук менен сыйланды.

«Мыкты билим берүү мектеби»
№42 орто билим берүү мектебине 1- орун берилип, интерактивдуу панель коп функционалдуу тузмок менен сыйланды.

«Мыкты мектепке чейинки уюм»
Свердлов районуна караштуу №48 атайын мектепке чейинки уюмга 1- орун берилип, интерактивдүү доска, проектор, ноутбук и түстүү принтер менен сыйланды.

№4 жана №152 бала бакчалырына ноутбук жана түстүү принтер ыйгарылды.

Балдар чыгармачылыгы борбору кошумча билим берүүдө мыкты методикалык программа иштеп чыгышкан.

Шаардык балдар чыгармачылык борбору 1-орунду ээледи, борборго 2 компьютер, ноутбук жана түстүү принтер ыйгарылды.

Шаардык билим берүү системасында азыркы убакта 7 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий