• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Россиядагы кыргыз мигранттарынын саны 90 миңге көбөйгөн

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Өткөн жылы Россиядагы кыргыз мигранттарынын саны 90 миңге жакын көбөйгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Муну менен катар Россиядагы армениялык эмгек мигранттарынын саны 50 миң адамга азайган, Өмүрбекованын айтымында бул Армениядагы жумушсуздуктун кыскарышына байланыштуу болушу мүмкүн.

2022-жылы ЕАЭБдеги эмгек мигранттарынын жалпы саны 1 млн 647 адамды түзөт, бул 2021-жылга салыштырмалуу 35 миңге көп.

ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногу 93 млн адамды түзөт, анын 1,8%ы биримдиктин башка өлкөлөрүндө иштегендер.

Пикир

Оставить комментарий