• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК 9 айда 57,5 млрд. сом салык жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын фнварь-сентябрь айларында 57 млрд. 479,7 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коюлган план 100,1 %га аткарылып, 63,6 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 5 млрд 442,4 млн сомго же 10,5 %га жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий