• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкерлер мамлекеттен пайызы жок каражат алууда — видео

Экономика 0


Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Өкмөт былтыр күздөн тарта чакан жана орто бизнес жаатындагы ишкерлерге 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызы жок насыя бере баштады.

Пайызы жок насыя алышы үчүн ишкерлер мыйзамдуу иштеп, акыркы алты ай ичиндеги патенти болушу зарыл. Насыя өлчөмү 250 миң сомдон ашса күрөө коюлат.

2022-жылы Финансы министрлиги коммерциялык банктарга "Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо" долбоорунун алкагында 1 млрд 756 млн сом бөлгөн.

Пайызы жок насыяны 4200 ишкер алды. Быйыл бул максатка дагы 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Долбоордун максаты — пандемия учурунда кризистен кыйналган ишкерлерди ар тараптан колдоо, жумуш орундарын сактап калуу жана ишканалардын өнүгүшүнө түрткү берүү.

Пикир

Оставить комментарий