• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР экономика министринин орун басары KOICA`нын вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореяда KOICAнын Евразиялык кызматташтык боюнча вице-президенти Ли Юн Йонг менен жолугушту. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ли Юн Йонг КР Экономика министрлигинин KOICAнын өнүктүрүү боюнча расмий жардамынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташуусун жана колдоосун канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Абдрахманов Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтып, өлкө климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу жана энергетикалык кризис сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгиледи.

"Сиздердин тажрыйбаңыздар жана алдыңкы технологиялар Кыргызстан үчүн өзгөчө кызыгууну жаратып, тажрыйба алмашуу негизги багыттардагы маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле учурдагы долбоорлордун портфелдерин, ошондой эле пландаштырылган долбоорлорду, анын ичинде "Кыргызпочтаса" ААКнын автопарктарын электромобилдерге өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду, санариптештирүү жаатындагы долбоорлорду талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар 2013-жылдан бери алкактык макулдашууга кол коюлгандан жана Кыргызстанда KOICAнын жергиликтүү кеңсеси ачылгандан бери эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалгандыгын белгилешти. Ошентип 1991-жылдан бери мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда 70 млн доллардан ашык бир катар долбоорлор ишке ашырылган.

Соңунда министрдин орун басары долбоорлордун портфелин көбөйтүү менен кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр экенин, өзгөчө жашыл экономика жана туруктуу энергетика сыяктуу тармактарда белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий