• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дан эгиндеринин дүң жыйымынын олуттуу төмөндөшү белгиленүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га аз.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, бир миллион тоннадан ашык эгин (баштапкы кириштелген салмакта) же 34%га аз бастырылды.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттады. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%га, арпанын - 48,7%га, бакча өсүмдүктөрү - 14,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 6,5%га, картошка - 5%га жана жашылчанын түшүмү - 1,6%га кыскарды.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий