• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ өлкөлөрүнүн салыкчылары санариптик экономика шарттарындагы салыктык башкаруу маселелерин талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Москва шаарында (Россия Федерациясы) КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 26-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакып катышты. Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстандын салык органдарынын, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин, КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Базалык уюмунун өкүлдөрү катышышты. Байкоочу катары КЭР менен Өзбекстандын салык органдарынын делегациялары катышты.

Мындан тышкары, жыйынга эл аралык салык коомчулугунун: Евразия экономикалык комиссиясынын, Европалык салыктык башкаруу уюмунун, Эл аралык валюта фонду, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму, ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышкан.

КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык кызматтарынын жетекчилеринин кезектеги жыйыны санариптик экономика шарттарында салыктык башкарууга арналган.

Делегациялар салыктык башкаруу жана жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Талкуунун жыйынтыгында тараптар бул жааттагы жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.

Катышуучулар ошондой эле Координациялык кеңештин курамындагы өзгөрүүлөрдү, 2017-2018-жылдардагы иш пландын аткарылышынын жыйынтыктарын талкуулашты, 2020-жылга чейинки мезгилге КМШ Экономикалык өнүгүү стратегиясынын үчүнчү этабынын аткарылышынын жүрүшүн жана 2030-жылга чейинки мезгилге КМШ Экономикалык өнүгүү стратегиясынын биринчи этабын ишке ашыруунун долбоорун баалашты.

Ошондой эле, кеңеш кийинки жылга иштин негизги багыттарын аныктап, КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин жаңы төрагасын шайлады.

Пикир

Оставить комментарий