• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдө сентябрда 9,7 млрд сом суммасында салык жана төлөмдөр чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын сентябрь айында болжолдогу 9 млрд 663,0 млн сомдун ордуна 9 млрд 717,1 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 100,6 пайызга аткарылды же 54,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 2 млрд 652,7 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137,6%ды түздү.

2021-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы болжолдогу 72 млрд 809,4 млн сомдун ордуна 75 млрд 848,8 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 104,2 пайызга аткарылды же 3 млрд 039,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 20 млрд 793,6 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137,8%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий