• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан 26 жылдын ичинде 10 млрд. долларга насыя жана грант алган

Экономика 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. 1992-жылдан бери Кыргызстан жалпысынан 10 миллиард долларга насыя жана грант алган. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Министрдин айтымында, анын 72 пайызы насыя, 22 пайызы же 2 миллиард 777 миллион доллары грант.

“Негизги насыя берүүчүлөр Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Орусия. Каражаттын басымдуу бөлүгү - жол тармагына 25 пайыз, энергетикага 21 пайыз, бюджетти колдоого 27 пайыз, айыл-чарбасына 6 пайыз жана аз бөлүгү социалдык секторго кеткен”, - деди Касымалиев.

Суроо-жоопто эл өкүлү Марлен Маматалиев кээ бир тармактарга берилген грант-насыялар 10-20 жылдан бери өздөштүрүлүп бүтпөй жатканынын жөнүн сурады. Башкы финансист муну көпчүлүк долбоорлор көп жылдан бери улантылып келе жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов сырттан келген гранттар элге насыя катары үстөк пайыз менен берилип жатканын, ошондой эле келген насыялар 5-10 миллиондоп пайдасыз ишканаларга берилгенин жана бүгүнкү күндө ал ишканалардын дайыны жок экенин сынга алды.

Пикир

Оставить комментарий