• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

МСК мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлерге салык салуу тартибин түшүндүрөт.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкер катары иш жүргүзгөн жеке жактар турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу экендиги белгиленген.

Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтө алышат.

Мындай ишкерлер Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчетту тапшыруудан бошотулган. Жеке ишкер өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Алар ошондой эле киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчет берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда, алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Мындан тышкары, жогоруда аталган токтом менен жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды.

Эми мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерге кызмат көрсөткөн жеке жактар (тарбиячы, тарбиячынын жардамчысы (бала багуучу), ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Электрондук патентти "жеке салык кабинети" аркылуу сатып алуу керек.

Пикир

Оставить комментарий