• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков чек ара жагдайынан жабыркагандарга кандай колдоо болорун айтты

Экономика 0

Бишкек, 30.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы жагдайдан жабыркаган субъекттерди мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу токтомго кол койду.

Токтомго бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду. Документке ылайык кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал форс-мажордук катары таанылат.

Буга байланыштуу, премьер-министрдин айтымында, 2017-жылдын 1-декабрына чейин зыяндын суммасын аныктай турган комиссия түзүлөт. Андан соң жабыркаган субъекттердин тизмеси бекитилет.

Белгилей кетсек, жапа чеккен ишкерлер жана ташуучулар арыз менен Экономика министрлигине кайрыла алышат. Анда атайын документтерди кабыл алуу уюштурулат.

Мамлекеттик салык кызматы жапа чеккендердин 1-ноябрга карата салыктык карыздарын туумсуз жана пайызсыз жылдырып турат. Ушундай эле жылдырууну Социалдык фонд да көрсөтүшү керек.

Жабыркаган ишкерлерге бажы төлөмдөрү үч жылга узартылат.

Токтомдо ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо -5” долбоору боюнча биринчи кезекте кыргыз-казак чек арасындагы жагдайдан жабыркагандарга жеңилдетилген насыяларды берүү каралган.

Бул жагдайдан жабыркаган субьекттер үчүн насыяны төлөө мөөнөтү негизги суммага 24 айга чейинки жеңилдетилген мезгил менен 60 айга чейинки мөөнөткө белгиленет.

Улуттук банкка кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүүнү чектөөлөрдүн кесепеттерин азайтуу үчүн максаттуу насыялык аукциондорду өткөрүү сунушталды. Ал эми Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна жабыркаган субъекттердин насыялык карыздарын кайра түзүүнү жүргүзүү сунушу берилди.

Эскерте кетсек, Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий