• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Финансы министрлиги: 11 айда бюджетке салыктык эмес кирешелерден 72,9 млрд сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 11 айында бюджетке салыктык эмес кирешелерден 72 млрд 992 млн 45 миң сом түшүп, жалпы кирешелердин 17 % ын түздү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын 11 айына карата жалпы норматив менен жеткирилген салыктык эмес кирешелердин жеткирилген планы 54 млрд 484 млн 67 миң сомду түздү, ал эми 11 айда аткарылганы 72 млрд 992 млн 45 миң сом болуп, пайыздык көрсөткүч планга карата 134 пайызды түзүп, ал эми 11 айга карата пландагыдан 18 млрд 507 млн 78 миң сомго ашыкча жыйналган.

Натыйжада кошумча киреше булактарын табуунун эсебинен бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Ал эми 2022-жылдын 11 айына карата салыштырмалуу кирешелер 27 млрд 995 млн 8 миң сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 162,2 пайыз болду.

2023-жылдын 11 айына карата салыктык эмес кирешелердин негизги өсүү көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдөн: акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддерге – 16 млрд 770 млн 97 миң сом өлчөмүндө тушүп, планга карата 196,6 % ды түзүп, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 12 млн 498 млн 18 миң сомго ашык түштү, ошондой эле 11 ай ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн 21 млрд 928 млн 30 миң сом түшкөн, мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар боюнча 2 млрд 728 млн 68 миң сом түшүп, ошондой эле республиканын аймагындагы тоокен тармагында иштеп жаткан ишканалардан жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн 1 млрд 827 млн 31 миң сом түшүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 430 млн 81 миң сомго ашыкча жыйналып, өсүү ыргагы 130,8%ды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий