• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө "Салам-Алик" балдардын эс алуу лагери өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 14.06.23./Кабар/. Өзгөн районундагы "Салам-Алик" балдардын эс алуу лагеринин 27-сезонунун ачылышы болуп, балдардын эс алуусуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Элмырза Сатыбалдиев, президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Өзгөн районунун акиминин орун басары Р.Мирзакулов, тиешелүү райондук жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Мырза-Акедеги М.Разаков атындагы жетим жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мектеп-интернатынын окуучулары, мугалимдери жана Салам-Алик айыл аймагынын тургундары катышты.

Көп жылдан бери кароосуз калган имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү депутат Элмырза Сатыбалдиев тарабынан демилгеленип, кыска аралыкта тиешелүү оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн. Ошондой эле электр жарыгы тартылып, таза суу да тартылган.

Эрнис Толтоев президенттин өкүлү Элчибек Жантаевдин атынан балдарды жайкы эс алуу сезонунун ачылышы менен куттуктады. Ал балдарга түзүлгөн шарттар үчүн демилгечилерге ыраазычылык билдирип, мектеп-интернаттын окуучуларына спорттук шаймандарды белекке берди.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Ош облусунун аймагында балдардын жайкы эс алуусу үчүн Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Ош облустук башкармалыгы тарабынан "Чарбак", "Ак-Терек", "Жеткинчек", "Чынгараев" жана "Көндүк" балдар лагерлеринде 3000 баланы эс алдыруу пландаштырылган.

Ал эми облустун аймагында мектептин алдында 206 эс алуу лагерлерин ачуу пландаштырылууда. Анын ичинде 116 мектепте “Окуу керемети” долбоору тарабынан, 30 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан, 60 мектеп ар кандай фонддордун, демөөрчүлөрдүн эсебинен каржылоо пландалган.

Пикир

Оставить комментарий