• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 500дөн ашуун аялдын башын бириктирген мотивациялык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Ош шаарында "Ийгиликке жетүүнүн жети сыры, ийгиликтүү инсандар менен маек" аталышындагы иш-чара өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага 500дөн ашуун айым катышып, ийгилик сырлары менен бөлүштү. Уюштуруучу журналист Гүлжан Ажиматова бул саамалык аркылуу аялдарга жан дүйнө азыгын, келечекке туура багыт берүүнү көздөгөнүн айтат.

Аялдардын башын бириктирген дем берүүчү иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, аялдардын коомдогу ордун, ийгиликтүү айымдардын катары калыңдап баратканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий