• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Эртең, 9-октябрда Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Мындай кадам поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында болууда, - деп билдирет "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы.

"Жардыруу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы Башкармалыгы тарабынан саат 11:00дөн тартып, 15:00гө чейин автоунаа жолу толугу менен жабылат", - деп айтылат маалыматта.

Ыссык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий