• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылы Кыргызстандын билим берүү тармагына 44,9 млрд сом бөлүнгөн

Экономика 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда билим берүү тармагына 44 млрд 962,8 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 12 айында Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппараты, министрликке караштуу билим берүү жана башталгыч билим берүү мекемелери республикалык бюджеттен 44 962 ,8 млн сомго каржыланды. Бул жылдын такталган планына карата 97,2 % түзөт.

Анын ичинен корголгон беренелер (айлык акы жана башка) боюнча аткаруу 43 399, 8 млн сомду түздү, бул жылдын такталган планына карата 44 млрд 463 млн сомду же 97,8 % түзөт. 2021-жылдын аткарылышына карата 2022-жылы чыгымдар 15 млрд 768, 9 млн сомго же 154 % га ашыгы менен аткарылды.

2022-жылы министрликтин борбордук аппаратынын имаратынын оңдоо иштерине 39 млн сом бөлүнүп, толугу менен каржыланды.

Мындан тышкары, кызматкерлердин айлык акысы жана социалдык фондго төгүмдөр убагы менен каржыланды. Июнь айында билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин отпускага чыккандагы айлык акылары 8 млрд 19,8 млн сомду түздү.

Окуучулардын,тарбиялануучулардын жана студенттердин тамак-аш азыктарын алуу беренеси 923, 9 млн сомго каржыланды, бул 2021-жылга салыштырмалуу 171,4 млн сомго көп.

Жалпы билим берүү мекемелеринин оңдоо иштерине 121 млн сом каралган, бул өткөн жылга салыштырмлуу 18,8 млн сомго көп.

Министрликтин борбордоштурулган иш-чарасына 121,6 млн сом каржыланды, бул 2021-жылдын аткарылышына карата 37 млн сомго аз каржыланды. Анын ичинен окуучулардын республикалык олимпиадасына 6,4 млн сом, “Манас таануу” телеконкурсуна 3 млн сом сом каржыланды.

Андан тышкары, мектептерди Интернетке кошууга абоненттик төлөмдүн карыздарын жоюу жалпы 30, 6 млн сомго каржыланды. Ал эми окуу китептерин басып чыгарууга карыздарды жоюу үчүн 34 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий