• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда күйөөсүнөн өч алуу үчүн кызын сабаган аялга кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кадамжайда баласын сабап, видеого тарткан аялга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-январында милицияга Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никедеги Ш.М. аттуу аялы А.Х. аттуу 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзгөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Арыз ээсинин айтымында, 2023-жылдын январь айынын башында жарандык никедеги аялы экөө өз ара келишпестиктен улам чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аялы кызын уруп, телефонго тартып, видеону жолдошуна жиберген.

Милиция тарабынан аталган факты боюнча кызга соттук-медициналык, ал эми аялга соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле аялга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин негизинде (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий