• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Сокулукта мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБне арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, 10-октябрда Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 миң сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 31 жаштагы А.Д. кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий