• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Манас айылы" комплексин жаңылоо: июлда баштала турган иш кечеңдөөдө

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев Бишкектеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин жаңылоо боюнча жумуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Нет описания.

“Президинттин иш башкармалыгы сынакты өткөрүүгө буйрутма берген. Ачык сынак өтүп, үч долбоор тандалган. Долбоорлор президенттин өзүнө көрсөтүлгөн. Курулуш иштери башталат, аталган маданий-этнографиялык комплекс деталдуу объект болуп саналат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Бишкектеги "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин жаңылоо үчүн ачык сынак жарыяланган. Сынакка жалпы 14 долбоор келип, жыйынтыгында үч долбоор тандалып алынган.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев (ред.: азыр Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директору) ачык сынактын жеңүүчүсү аныкталып, бир жумадан кийин курулуш иштери башталарын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий