• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкекте жашыл аянттарды сугаруу иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда сугат иштерине 20 атайын техника тартылып, ошондой эле арыктар аркылуу сугаруу иштери да жүрүп жатат.

Арыктар аркылуу Манас, Айтматов, Чуйков, Шопоков, Шабдан-Баатыр, Валиханов көчөлөрүндө жашыл көчөттөр сугарылууда.

Мындан тышкары, Манас-Бөкөнбаев, Турусбеков, Рыскулов, Жаш Гвардия бульвары, Жаштар аллеясы, Фучик атындагы сейил багы жана башка көчөлөрдө скважиналар иштеп жатат.

Ошондой эле атайын техниканын, арыктардын, насостордун жардамы менен сугаруу иштери Асанов, Фучик, Түлөбердиев сейил бактарында, Эмгек даңкы, Тоголок-Молдо бакчаларында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий