• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте түнкүсүн көзөмөлсүз жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иштер жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Жашы жете электердин арасындагы көзөмөлсүздүктүн жана укук бузуулардын алдын алуу, үйүнөн жана балдар мекемелеринен өз алдынча кетип калгандарды аныктоо максатында 21-январь күнү ИИМдин КККнын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборунун өздүк курамы тарабынан "Кароосуз калган бала" аттуу рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда коомдук жайлар, соода борборлор, интернет клубдар жана башка мекемелер текшерилди.

Компьютердик интернет клубдарын текшерүү учурунда ата-энеси же улуу адамдардын коштоосу жок жүргөн жеринен 10 өспүрүм менен укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле 8 өспүрүм ата-энесине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырылды.

Андан сырткары, эки жашы жете элек өспүрүм Сокулук районунун жашоочулары болгондуктан, ата-энесине жана бир туугандарына тапшырып беүү үчүн ЖУАБка жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий