• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция кызматкерлери окуучуларга жол эрежелерин сактоонун зарылдыгы тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 26.02.20./Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери мектептерде жол коопсуздук эрежелерин жана коомдук тартипти сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 15-февралдан 25-февралга чейин, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №53 орто мектепке, №10 орто мектепке жана №11 орто мектепке, мындан сырткары Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине барып, жол коопсуздук эрежелерин сактоо жана коомдук тартипти сактоо багытында жаш өспүрүмдөгө кененирээк профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал ачык сабак иретинде өткөрүлүп, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча кызматкерлердин гана сөзүн укпастан, окуучулар да өз ойлорун ачык айкын билдирүүгө басым жасалды.

Азыркы учурда турмуш шартка байланыштуу кээ бир ата-энелер жаш балдарын жакын туугандарына же чоң ата-чоң энелерине калтырып кеткендиктен, ата-эненин мээриминен жана көзөмөлүнөн алыс болуп, ар кандай коомдук тартип бузууларга жол берерин эске алып, жаш өспүрүмдөргө жакшы жүрүүнү, жакшы окууну, тамеки, алкоголдук ичимдиктерден алыс болууга чакырды. Ошону менен бирге улууну урматтап, кичүүгө ызаат көрсөтүүнү, ата-энеге жардам берип сыйлап өтүүнү түшүндүрүштү.

Ал эми жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга жол белгилерин тааныштырып, түшүндүрүү иретинде фото, видео материалдар көрсөтүлүп, оюндар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий