• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2010-жылы 7-апрелден кийин кыргыз духу – зор күч экенин баары билишти- Ф.Ниязов

Коом 0

Бишкек, 31-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2010-жылы 7-апрелден кийин кыргыз духу – зор күч экенин баары билишти. Мындай пикирин 7-апрелге арналган иш-чарада Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Анын айтымында, 7-апрель өлкөнү жана кыргызстандыктардын жашоосунда көп нерсени өзгөрттү.

“Биринчиден, КР Президентинин атынан 7-апрелде курман болгондордун ата-энелерине, үй-бүлөсүнө жана балдарына терең көңүл айтууга, бул күнү жабыркагандарга колдоо жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Бул күн дүйнөгө кыргыз элинин баатырлыгын көрсөттү. Буга чейин көптөр орус жана япон элинин духуна таң берип келген. 7-апрелден кийин кыргыз духу – зор күч экенин баары билишти. Ошондой эле, 7-апрель адилетсиз шайлоо менен келген элге каршы бийлик кандай пастыкка бара тургандыгын көрсөттү”, - деди ал.

Ошондой эле, Ф.Ниязов Президент Алмазбек Атамбаев бардык күчүн жарандарыбыздын төгүлгөн каны текке кетпеши үчүн жумшай турганын кошумчалады.

“Бул жигиттердин эрдиги менен өлкөбүз бүгүн башка, эркин адамдардын жана шайлоолордун өлкөсү. Мамлекетибизди жакыр катары эсептешпейт. Эл аралык уюмдар бизди бул тизмеден чыгарышты. Эң башкысы эл өзүн жакыр сезбей калганында”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий