• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Зилалиевдин иши: Мамлекеттик кадр кызматынын адиси суралды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум жүрүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө күбө катары Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкери сурак берүүдө.

Ал билдиргендей, тергөө учурунда ал Зилалиевдин 2010-2016-жылдардагы кирешеси боюнча отчет түзүүгө УКМКга жардам берип жаткан. Декларацияларда кирешелерден тышкары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр да көрсөтүлгөн. Анын айтуусу боюнча, батирлер базар баасынан арзан сатылып алынган. Декларацияларда мүлк карыздын оордуна же белек катары алынган деп көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу эксперт өз баасын бере албайт.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий