• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. Жалал-Абад облустук милициясына арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, колуна бычак сайып, бутунун астына ок чыгарып коркутуп, 50 миң сомун күчкө салып тартып алгандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Мындан тышкары, өткөн жылдын апрель айында милицияга "А" аттуу дагы бир жаран арыз менен кайрылып, жабырлануучу өзүнө таандык унааны 950 миң сомго сатып, ага 700 миң сомун гана берип, калган 250 миң сомун ушул күнгө чейин коркутуп, бербей жүргөнүн айтып чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле ал ушул айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип алдоо жолу менен унааны өздөрүнө каттатып алуу аракет кылышып, бул ойлору ишке ашпай калган соң, 200 долларын жана 5 миң сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жогорудагы козголгон кылмыш иштеринин негизинде Жалал-Абад областтык милициясынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, “Турар” жана “Айбек” аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталып, 28-январда аталган жарандар кармалышты. Алардын Жалал-Абад шаарындагы үйүнө тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылган.

Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды.

Кармалган оор кылмышка шектүү жарандар Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий