• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз 225,8 млн сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорунун алкагында фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз 225,8 млн сом берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, ушул күндөрү министрдин орун басары Руслан Татиков Кочкор жана Түп райондорунда бодо мал, метариал жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн пайызсыз насыя алган 70тен ашык фермерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда фермерлер өздөрүнүн ийгиликтери жана тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.

Министрдин орун басары Татиков аталган долбоор 2023-жылдын жаз айлардан баштап үч облуста – Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул аралыкта 225, 8 млн сом өлчөмүндө 1 миң 737ден ашык фермер мамлекеттен пайызсыз жана күрөөсүз насыя алышты.

Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылга чейин созулат. Жалпысынан 6 миңден ашык дыйканга мамлекет тарабынан жалпы суммасы 845 млн сомдук финансылык жардам көрсөтүлөт. Карыз алуучулар 4-8 адамдан турган биргелешкен жоопкерчиликтүү топторго уюшулган. (Топтун айрым мүчөлөрү тарабынан төлөнбөгөн суммалар топтун башка мүчөлөрү тарабынан жабылат). Пайызсыз жана күрөөсүз насыя 3 жылга берилет. Төлөм 3 айда бир жолу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий