• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Экономика 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады.

Салык кызматынан билдиришкендей, кезектеги декларациялык өнөктүк эки этапта өтөт:

  • 1-апрелге чейин – юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырышат.

Ушул жылдын 1-апрелине чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар тапшырышат.

Салык декларациясында кирешелер жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объекттери, жер участоктору жана отчеттук жыл үчүн төлөнгөн салык милдеттенмелеринин суммасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий