• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кепилдик фонду» 1,4 млрд сомго 1 миң 77 кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. 18-октябрга карата «Кепилдик фонду» ААКсынын кепилдиги астында банктар тарабынан бекитилген кредиттердин суммасы 5 млрд 88 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтуусунда, 1 млрд 373 млн сомго 1077 кепилдик берилген.

«Үстүбүздөгү жылдын көрсөткүчтөрү өскөн: 618,5 млн сомго 421 кепилдик берилген. Өнөктөштөр банктар тарабынан бекитилген кредиттердин көлөмү 2 млрд 336 млн сомду түзгөн», - деп билдирди Абакиров.

Ал кошумчалагандай, берилген кепилдиктердин алкагында 1 миң жаңы жумуш орду тузүлгөн, андан тышкары, 3 миң жумушчу орундары колдоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий