• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4 айда 3,9 млрд долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-апрель айларында 3,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 25,5 пайызга көптүк кылат, мында экспорттук жеткирүүлөр 18,9 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 26,8 пайызга көбөйгөн.

Ал эми 2023-жылдын январь-апрель айларындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,1 млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 9,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта импорттук түшүүлөр тескерисинче 12,9 пайызга азайган.

2023-жылдын январь-апрель айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (62,3 пайыз) жана Казакстанга (35,1 пайыз) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий