• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Миң-Куш айылынын окуучуларына эки кичи автобус белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Жаңы окуу жылына карата Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы балдарды мектепке ташып жеткирүү үчүн президенттин фондунан эки кичи автобус алып берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми балдар кышында үшүбөй, ушул унаалар менен мектепке катташат. Буга чейин айыл өкмөтү тарабынан атайын унаа уюштурулуп, алыс жерде жашаган окуучуларды ташычу. Бирок унаа эски болгондуктан, бузулуп түйшүк жаратчу. Эми мындай көйгөй жаралбайт.

Кызматтык унаалардын ачкычын бүгүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.

Облус жетекчиси өз сөзүндө Миң-Куш өрөөнүнүн бардык көйгөйлөрү президент тарабынан чечилип жатканын айтып, гемодиализ аппараты дагы алынып берилгенин, жакында имараты жана кадр маселеси чечилсе коюлуп берилээрин, жолдорду асфальттоо кийинки жылдын бюджетине кирип жатканын белгиледи.

Учурда Миң-Куш айылындагы 3 орто мектепте 567 окуучу билим алууда.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июлунда президент Садыр Жапаров Миң-Куш айылынын жергиликтүү калкы менен жолугуп, анда эл балдарды ташыган автоунаа берүүсүн суранган.

Пикир

Оставить комментарий