• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерлердин аксакалдары жаштарды ынтымакка чакырды

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда, Баткен районунун Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын аксакалдары менен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылы жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга жалпысынан 150гө жакын аксакал катышты.

Жолугушуунун максаты эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирип, мындан ары чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүү. Жолугушууда аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдеп, спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну туура көрдү.

Иш-чара Баткен жана Исфара-2 райондук милициянын жетекчилери аркылуу демилгеленип өткөрүлүүдө. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Соманен, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп, жергиликтүү тургундарды ынтымакка чакырган.

Пикир

Оставить комментарий