• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмок шаардык кеңешинин депутаты мас абалында эки адамды сүзүп кетти

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Токмок шаардык кеңешинин депутаты мас абалында жол тандабас унаа менен милиция кызматкерин жана дагы бир эркекти сүзүп кетти.

Жол кыймылынын коопсуздук камсыздоо башкармалыгынан билдиргендей, бүгүн, 19-октябрда 01:20да "Тойота Лэнд Крузер" унаасынын айдоочусу Токмок шаарындагы Сарыбагышев көчөсү менен түштүктөн түндүктү келе жатып жолдо турган жөө жүргүнчүлөр 1987-жылы туулган Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери С.М.А.ны жана 1993-жылы туулган жаран А.И.Ж.ны сүзүп кеткен.

Алар Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген, шаардык кеңештин депутатынын абалы оор деп бааланууда.

Токмок ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү айдоочусу болуп 1990-жылы туулган Токмок шаардык кеңешинен депутаты А.З.С. экени жана медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында айдоочу мас абалында экени аныкталган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий