• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 7-мартта Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу болбойт.

Суу «Ала-Тоо» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий