• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жети миллионунчу кыргызстандык Баткенде төрөлүп, атын президент койду

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жети миллионунчу кыргызстандык жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурлан Шакирев билдирди.

Анын айтымында, ымыркайга президент Садыр Жапаров ысым койду.

“Садыр Жапаров жети миллионунчу кыргызстандыкка Жакшылык деген ысым берди”, - дейт ал.

Статкомдун баалоосу боюнча, 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 млн 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн 995 миң адамды түзгөн.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Пикир

Оставить комментарий