• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин чет жакасындагы конуштарда жолдорду оңдоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. “Бишкек шаарын жарыктандырууну өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы боюнча борбор калаада жолдорду оңдоо уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билдиргендей, аталган долбоор Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамынын эсебинен каржыланат.

Ондоо иштери “Арча-Бешик”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо”, “Ак-Босого”, “Эне-Сай”, “Ак-Тилек”, “Учкун” жана “Ынтымак” конуштарында жүргүзүлүүдө.

Долбоордун экинчи фазасында 34,1 км жол куруу каралган.

Жалпысынан быйылкы жылда 44 көчө, 2022-жылы 16 көчөнү оңдоп бүтүрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий