• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тхэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

Спорт 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бишкекте тхэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, чемпионат 29-октябрда «Газпром» балдардын спорттук жана эс алуу борборунун спорт залында Баткендик жоокерлерди эскерүү күнүнө карата Биринчи май районунун С. Жуманазаров атындагы тхэквондо мектебинин ITF боюнча биринчилик өткөрүлөт.

Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөн ашык таэквондочулардын катышуусу күтүлүүдө.

Турнирди С.Жуманазаров атындагы Биринчи май райондук спорт мектеби Кыргыз Республикасынын ITF Original тхэквондо федерациясы менен биргеликте (Баш кеңсеси Австрия, Вена) уюштурууда.

Иш-чаранын максаты - сергек жашоого үндөө жана таэквондону өнүктүрүү болуп саналат. Мелдеш саат 12:00дө башталат, кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий