• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 1,8 миңге жакын мектепте балдарга ысык тамак берилет

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Кечээ, 18-октябрда БУУнун Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Киров айылындагы жана Ысык-Ата районунун Кеңеш айылындагы орто мектептерде ысык тамактын уюштурулушу менен таанышуу максатында иш сапар уюштурулду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ага министр Уланбек Мамбетакунов, министрликтин Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Айыл чарба жана азык-түлүк уюму, Ысык-Ата районунун акими, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, мектеп директорлору барды.

Министр Мамбетакунов республика боюнча 1735 мектеп ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди.

“Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоору 638, Мерсико уюму 510 мектепти колдоого алган. Мындан башка дагы 114 мектепти Мерсико, 49 мектепти Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз камкордугуна ала турган тургандыгын билдирди”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий