• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматы: Автоунааларды тариздөө жайларынын иш убактысы узартылды

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убактылары узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-декабрь күнүнө чейин жеке жактар тарабынан үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт. Ага ылайык, Автотранспорт каражаттарын ташыган жактарга ыңгайлуу шарт түзүү жана кезекти болтурбоо үчүн “Түндүк-Чыгыш” жана “Түндүк темир-жол” бажысында 20-декабрдан 31-декабрга чейин автотранспорт каражаттарын тариздөө жайларынын иш убактылары дем алышсыз жана саат 24:00гө чейин иштейт.

Бажылык тариздөөнү төмөнкү бажы органдарында жүргүзсө болот:

“Түндүк темир жол” бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү 2а;

Түндүк-Чыгыш бажысы, “Автомобилдик” БТЖ- дареги: Военно-Антоновка айылы, Степная көчөсү, “РИОМ Авто” унаа базары.

Пикир

Оставить комментарий