• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бала бакча жана мектептерде капиталдык оңдоо жүрүүдө. Мэрия тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы 2021-жылдын титулдук тизмесине ылайык мектептер менен бала бакчаларды иретке келтирүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, капиталдык курулуш башкармалыгы билим берүү башкармалыгынын билдирмеси боюнча, билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерине тендер жарыялайт.

-№131 бала бакчасында - электр монтаждоо иштери жүргүзүлүп, полдору оңдолот;

-№185 бала бакчасында - терезе блокторун алмаштыруу керек,

-№26 бала бакчанын - санитардык түйүндөр бөлмөлөрүндө полдорду капиталдык оңдоо талап кылынат;

-№135 бала бакчасында - чатыры оңдолот;

-№50 мектеби - жумшак рубероид чатыры оңдоону талап кылат;

-№72 мектеби - ички жылуулук тутуму оңдолот;

-№2 мектеби - канализация жана суу менен камсыздоо тутумун оңдоо пландалууда.

“Капиталдык ондоого каражат шаардык бюджеттен каралган”, - деп айтылат маалыматта.

Тендерлер боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий