• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамкурулуш Бишкек шаарында мыйзамсыз курулушка бөгөт койду

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарында мыйзамсыз курулушка, тактап айтканда Медеров көчөсүндөгү котлованды орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган объект боюнча "Имарат Прогресс" ЖЧКсына карата курулуш иштери башталганга чейин өз убагында чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле пландан тышкары текшерүүнүе жүрүшүндө "Имарат Прогресс" КР "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын жана "Укук бузуулар жөнүндө" кодексин бузуп, курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрук берилген, ошондой эле укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, материалдар андан ары сот органдарына өткөрүлүп, 200 миң сом айып пул салынган.

Белгиленгендей, Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы мыйзамсыз курулуш фактыларына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий