• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айдарбеков ЖК комитетинин төрагалыгынан алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынды.

Депутаттардын 43ү “макул”, 16сы “каршы” добушун берди.

Буга чейин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев үч фракция жана эки топтон Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Чыңгыз Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашуу келишиминин долбоору боюнча комитеттин чечимине төрага катары кол койбогонунан ушундай кырдаал түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий