• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык кондитерлер Италияда мамлекеттик туу түрүндөгү торт жасашты

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык кондитерлер Италиядагы кондитерлердин дүйнөлүк биринчилигинде мамлекеттик туу түрүндөгү торт, курут, как жана халва конфеттерин, ошондой эле шоколаддан жасалган улуттук оймо тартуулашты. Бул тууралуу ресторатор Регина Сманова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Ал жалаң кесипкөйлөр катышкан бул сынакта алар үчүн эң негизгиси - сынактын өзгөчөлүктөрүн көрүп, билип, кийинки жолу бардык даярдык: даяр торттор, жабдуулар жүктөлгөн унаа жана күйөрмандар менен келүү болгонун белгилеген.

Сманова бүгүн мелдештин экинчи күнү экенин айтып, анда Италия, Франция, Австралиянын жана дагы беш өлкөнүн командалары таймашып жатышканын кошумчалаган. Жыйынтыгы бүгүн кечинде белгилүү болот.

Пикир

Оставить комментарий