• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ курсанттар менен студенттерге террористтик уюмдар боюнча семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. 18-20-октябрь аралыгында “Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү” аттуу теманын алкагында практикалык семинар уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен уюштурулуп, ага ИИМ Академиясынын курсанттары жана студенттери катышты.

Семинарда Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын улук ыйгарым укуктуу ыкчам өкүлү Манас Аманбаев баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө курсанттарга менен студенттерге диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Соңунда катышуучулардын суроолоруна жооптор берилип, атайын даярдалган буклеттер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий