• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылы Кыргызстанда эмгек акыларды төлөөгө 122,2 млрд сом бөлүнгөн

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. 2023-жылы такталган бюджетке ылайык, социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыларга 122,2 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык чегерүүлөрдү эсепке алуу менен акыркы 3 жылда эмгек акыларды төлөөгө төмөндөгүдөй каражат бөлүнгөн:

- 2020-жыл – 61,8 млрд сом;
- 2021-жылы – 65,2 млрд сом;
- 2022-жылы – 95,3 млрд сом;
- 2023-жылы – 22,2 млрд сом.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

- билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин, штаттык саны 169,8 миң бирдик;
- медициналык кызматкерлерине 150% чейин, штаттык саны 85,0 миң бирдик;
- маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% тегерегинде, шаттык саны болжол менен 17,3 миң бирдик;
- социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин, штаттык саны 3,3 миң бирдик;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын 210% чейин, штаттык саны 17,9 миң бирдик;
- муниципалдык кызматчылардын 253% чейин, штаттык саны 10,3 миң бирдик;
- мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 212% чейин, штаттык саны 11,6 миң бирдик;
- техникалык тейлөөчү персоналдын 178% чейин, штаттык саны 5,0 миң бирдик;
- кенже тейлөөчү персоналдын 172% чейин, штаттык саны 6,8 миң бирдик;
- бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин, штаттык саны 6,2 миң бирдик.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып КР президентинин жарлыгынын негизинде прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, КР аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган. Жылдык керектөө 10 млрд сомдон жогору түздү, 2022-жылдын 1-октябрнан баштап 3 млрд сомдун тегерегин түздү.

Баткен облусундагы кызмат үчүн үстөктөрдү эсепке албагандагы эмгек акынын орточо өсүшү:

- укук коргоо органдарынын кызматчылардын 210% га чейин;
- аскер кызматчылардын 240% га чейин.

Пикир

Оставить комментарий