• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Манас" аэропорту былтыр сатып алган эки учак жакында Кыргызстанга алып келинет

Коом 0

Бишкек 24.01.24. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту 2023-жылы биринчи жолу өз каражатына сатып алган Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак жакында Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу "МЭА" ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Учактарды учурда Канаданын Калгари шаарында жайгашкан De Havilland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы модернизациядан өткөрүүдө. Алардын сырткы көрүнүшү кыргызстандык компаниянын брендине ылайыкташтырылууда.

"Анткени учактарды өзүбүздүн брендге тууралап жасалгалоо маркетингдик стратегиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Себеби биздин бирдиктүү стиль биздин компанияны таанытууга чоң өбөлгө түзүп, уникалдуулугун жогорулатат", - деди Самидинов.

Анын айтымына караганда, ошондой эле учурда учактарга заманбап кычкылтек системаларын орнотуу иштери, мындан тышкары жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн орундуктарды тууралоо иштери жүрүүдө.

Манасбек Самидинов Asman Airlines авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Айдаралиев менен биргеликте учак чыгаруучу De Havilland Aircraft of Canada авиакомпаниянны президенти Брайан Шафе жана вице-президенти Раян де Бруск менен жолугушуп, аталган маселелер талкууландыгын билдирди.

"De Havilland Aircraft of Canada авиакомпаниясы менен кызматташуу жана аба паркын модернизациялоо учактардын бортунда коопсуздукту жана жайлуулукту жогорулатууда негизги ролду ойнойт. Биздин аймакта Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүгө багытталган аракеттер биздин аба каттамдарында жогорку стандарттарга болгон умтулуубузду баса белгилейт", - деп кошумчалады Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий