• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош базарында башаламан соода кылгандарга каршы рейд уланууда

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Белгиленгендей, Ош базарынын аймагында соодагерлер тротуарларда жана жолдордо башаламан сооданы жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча муниципалитеттин бир нече жолу эскерткенине карабай иштеп келишет.

Рейд Ленин райондук акимчилиги, "Тазалык" ишканасынын, райондук милициянын жана МАБ кызматкерлеринен турган ыкчам топ тарабынан жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддердин алкагында жыл башынан бери 60га жакын мыйзамсыз соода түйүндөрүн жооюлуп, 30тан ашуун темир столдор, отургучтар, кол чатырлар жана таразалар алынып, кампага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий