• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-2-апрелинде Кыргыз улуттук университетинде Евразиялык билим берүүнүн көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Евразиялык кызматташтык уюму тарабынан уюштурулду.

Көргөзмөнүн алкагында абитуриенттерге билим берүүнүн техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык, чыгармачыл багыттары боюнча жана башка актуалдуу маалыматтар берилет.

Көргөзмөнүн катышуучулары - бул студенттерге күндүзгү формада билим алуу үчүн керектүү инфраструктурага ээ жана ошондой эле аралыктан окутуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр ээ болгон жогорку окуу жайлар.

Иш-чара студенттерге заманбап билим берүү программаларын, талап кылынган адистиктерди, кабыл алуу жана окутуу шарттарын көрсөтүүгө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарына жогорку жана кесиптик билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.

Көргөзмөнүн ачылыш сааттары:
01.04.2022: 10.00 дөн 17.00 гө чейин;
02.04.2022: 10.00 дөн 16.00 гө чейин.

Дареги: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 328, Рыскулов көчөсү тарабынан борбордук кире бериш.

Пикир

Оставить комментарий