• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Бишкектин тургуну "Хизб ут-Тахрирдин" идеологиясын колдоодон баш тартты

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. УКМК Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу боюнча жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүн жана тарапташтарын баш тарттыруу боюнча иш алып барууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 2017-жылы “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мыйзамсыз иштерине катышып, активдүү экстремисттик жашыруун кызматкерлери менен байланышта болгон, 1994-жылы туулган КР жараны, Бишкек шаарынын тургуну Т.у.Б., радикалдык көз караштан баш тартты.

Т.у.Б., жашаган жери боюнча процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун адабияттары табылган.

Т.у.Б., өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен Кыргызстандын жарандарын “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий