• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында түн ичинде көңүл ачуучу жайларда (компьютердик клубдарда) жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу жана балдарды аныктоо боюнча түнкү рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында борбордук көчөлөр, анын ичинде DOTA, LUX, G.M.R., Olymp, Иллюзион, X-GAME, El ClASICO интернет клубдары текшерилди.

Тилекке каршы, 12 өспүрүм аныкталып, алардын 9у туугандарына өткөрүлүп берилсе, калган үч бала КР ИИМинин жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна тапшырылды. Ар бир бала жана алардын ата-энелери же камкорчулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, шаардын төрт райондук администрациясында балдар иштери боюнча ишеним телефондору иштейт:

- Биринчи май районунун ишеним телефону: 0 (312) 67-03-86;
- Октябрь районунун ишеним телефону: 0 (312) 51-03-75;
- Свердлов районунун ишеним телефону: 0 (312) 53-05-76;
- Ленин районунун ишеним телефону: 0 (312) 65-68-79.

Пикир

Оставить комментарий